Торонто шаарындагы аэропортто учак оодарылып кетти (видео)
Канаданын Торонто шаарындагы америкалык “Delta Air Lines” компаниясынын учагы “Лестер Б.Пирсон” эл аралык аэропортуна конуп жатып оодарылып кетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, кырсыктын кесепетинен кеминде 18 жаран жабыркаган. Алардын үчөө оор абалда. Учурда жеринде куткаруу иштери жүрүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгиленгендей, учак Миннеаполис шаарынан учуп келип, учуп-конуу тилкесиде оодарылып кеткен. Кырсык аймактагы аба ырайынын кесин өзгөрүшү менен болуп жаткан бороон-чапкындан улам келип чыккандыгы маалыматтарда белгиленген.
Учурда аэропортто учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизилген.
Торонто шаарындагы аэропортто кырсыкка учураган учак
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.