Орусиянын Усть-Луга айылында кафе өрттөнүп, кыргызстандыктар жабыркады
Орусиядагы Ленинград облусунун Усть-Луга айылында кафеден өрт чыгып, 5 кыргыз жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Кабарга караганда, кырсык 16-февралда катталган. Ал эми 17-февралда 2 кыргыз жараны Ленинград облустук ооруканасына текшерүүгө жиберилген. 3 кыргыз жаранына Гатчинск ооруканасында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарылоого чыгарылган.
Бул факты боюнча Орусиянын тергөө органы кылмыш ишин козгоду.
Министрлик аталган маселе Башкы консулдуктун көзөмөлүнө алынганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.