Пхеньян АКШнын планын "акылсыздыктын туу чокусу" деп атады
Пхеньянды өзөктүк куралдан арылтуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтыларын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Министрлик АКШ тарабынан душмандык коркунучтар болуп турганда Түндүк Корея үчүн өзөктүк курал тынчтыктын жана көз карандысыздыктын кепилдиги экенин баса белгилеп, Вашингтондун планын "акылсыздыктын туу чокусу" деп атаган.
Эске салсак, АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү Мюнхенде өткөн жолугушууда Пхеньянды өзөктүк куралдан арылтуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болгонун ырасташып, Түндүк Корея менен Орусиянын аскердик кызматташтыгына тынчсыздануусун билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.