super.kg logo

Кыргызстандык окуучулар Румынияда өткөн эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңди

 
Кыргызстандык окуучулар Румынияда өткөн эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңди. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, 7-9-февралда Румынияда "IX Info (1) Cup" эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага Армения, Азербайжан, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Израил, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Румыния, Сербия, Сирия, Түркмөнстан, Украина, Англия, Өзбекстан сыяктуу дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн 2009-жылы же андан кийин төрөлгөн 184 окуучу катышты.
Ал эми Кыргызстандын командасынын курамына 8 окуучу кирди. Жыйынтыгында эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан катышкан 7 окуучу байгелүү орундарды ээлеп, 1 алтын, 3 күмүш, 3 коло медаль утуп алышты.
– Алтын медалды Ош шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучуcу Абдуллахан Абдирасулов тагынды. Аны бул олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган.
– Күмүш медалдарды Нарындан Сапат лицейинин 9-классынын окуучусу Адилхан Кадыров, Токмоктогу Сапат лицейинин 10-класстын окуучусу Нурислам Карыпжанов, Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 9-классынын окуучусу Сабыр Алымбеков жеңип алды. Адилхан менен Нурисламды олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган, ал эми Алымбековго Медербек Осмонов жол корсөткөн.
– Коло медалдарга “Сейтек-Стем” мектебинин 9-классынын окуучусу Рамазан Мананов, Ош шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучуcу Али Арапов, профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 9-классынын окуучуcу Саид Жаникеевдер татыктуу болушту. Рамазан менен Алини олимпиадага Кылычбек Урайымов, ал эми Саидди Бексултан Алмазбеков даярдаган.
– Мындан тышкары Кылычбек Урайымов даярдаган Кызыл-Кыя шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучусу Азирети-Билал Жаныбаев сертификатка ээ болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: