super.kg logo

Камактагы Темирлан Султанбеков 100 күндөн кийин ачкачылык жарыялоосун токтотту

 

“Социал-демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялоосун токтотту. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Султанбеков 100 күндөн бери улантып жаткан ачкачылык кармоосун ден соолугуна байланыштуу токтоткон.

"Биздин партияга каршы саясий террорго каршылык иретинде дээрлик 100 күн ачкачылык жарыяладым. Азыр мен ачкачылыкты токтотууну чечтим. Мендеги бир катар ооруларды жана сол бутумдун кайра иштеп баштоосу үчүн дарылануу керек. Жакында Орозо айы башталат, мен көп жылдан бери орозо кармап келем, бул жылы дагы салтты үзгүм келбейт", - деп жазылган анын катында.

Эске салсак, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында добуш сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Султанбеков кармалган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын, анын абалы начарлап баратканын айтып, үй камагына бошотууну суранышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: