super.kg logo

УКМК "Садыр Жапаровдун жээнимин" деп алдап жүргөн жаранды кармады (видео)

 

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси жана анын жакын тууганы катары өзүн тааныштырып жүргөн жалганчы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында өлкө жетекчилигинин жана башка адамдардын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү кезектеги акча каражатын пара катары талап кылуу фактысы аныкталып, бөгөт коюлган.

"А.А.А. аттуу жаран өзүн президенттин кеңешчиси жана анын жээни катары тааныштырып, баасы 50 миллион сомго жакын көмүр кенин чет элдик компаниянын менчигине өткөрүп берүүнү талап кылгандыгы аныкталган. Болбосо А.А.А. укук коргоо органдарындагы байланыштарынан пайдаланып, көмүр кенинин ээсин кармоону уюштурууну көздөгөн. Ошол эле учурда ар кандай маселелерди чечүү үчүн өлкө жетекчилиги менен жеке тааныштыгын, үй-бүлөлүк байланыштарын жамынып жүргөн", - деп билдиришти УКМКдан.

Бул боюнча УКМКга А.А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, А.А.А. жана A.Ж.Э. аттуу жарандар өлкө башчы Садыр Жапаровдун атын жамынып, көмүр кенине ээлик кылууну көздөп жаткандыгын билдирген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө алардын президент жана анын жакындары менен эч кандай мамилеси болгон эместиги такталган.

Топтолгон материалдардын негизинде А.А.А. жана A.Ж.Э. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин бардык катышуучуларын, ошондой эле кармалган адамдар тарабынан жасалган кылмыштын башка фактыларын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары уланууда.






УКМК жалганчы жаранды кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: