super.kg logo

УКМК Ошто дагы бир судьяны кармады

 

Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, Араван райондук сотунун судьясы Д.Н.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, З.Б. аттуу жаранга Араван районунун аймагында жайгашкан жер тилкесине менчик укугун таанып, билип туруп адилетсиз чечим чыгарган.

"Ошол эле учурда бул чечим 2023-жылдын 25-январында сот отуруму учурунда каза болгон күбө А.К.нын көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылган. Деген менен өлүм күбөлүгүнө ылайык, аталган жаран 2023-жылдын 1-январында каза болгон. Мындан тышкары, сот отурумунун протоколуна ылайык процесстин жүрүшүндө Г.Э. жана Ю.Т. күбө катары да суралгандыгы белгиленген. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн адамдар соттук отурумдарга такыр катышпагандыгы жана каралып жаткан иштин жагдайлары боюнча судьяга эч кандай көрсөтмө бербегендиги аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан.

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар күбөлөрдүн П.С. жана Т.А.нын көрсөтмөлөрү, ошондой эле соттук-кол жазма экспертизасынын корутундусу менен тастыкталган.

13-февралда Судьялар кеңеши аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

"17-февралда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Д.Н.Б. кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык жасалмачылык) жана 352-беренесинин 1-бөлүгү (Атайылап адилетсиз чечим чыгаруу) менен айыпталып, тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды", - деп билдиришти атайын кызматтан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: