Жаңы гимнге карата уюштурулган сынакка 20дан ашык эмгек келип түштү

Ага ылайык, анын ичинен 23ү толук талаптарга жооп берип, каттоого алынды.
Айта кетсек, сынакка композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша алат.
Өтүнмөлөр 20-мартка чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин Маданият министрлигинин кеңсесинде Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегинде кабыл алынат.
Эске салсак, былтыр 25-октябрда жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөртүлө тургандыгын айтып чыккан. Андан кийин 30-октябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берип, гимнди өзгөртүүнү колдой турганын билдирген.
Мындан улам 7-февралда Маданият министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча республикалык сынак жарыялаган. Ага композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша ала турганы айтылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык бериле турганы маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

