super.kg logo
  Саясат  

Сунушталып жаткан мыйзамдын аркасы менен күзүндө шайлоо болобу? 

 

Жогорку Кеңеш таркатылбастыгын шайлоо боюнча жаңы сунушталган мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев билдирди. Анын аталган мыйзам боюнча түшүндүрмө бергени тартылган видеону парламенттин маалымат кызматы жарыялады.

Анда Сыдыгалиев мыйзам кандай максатта иштелип чыкканы тууралуу маалымат берген жана долбоор кабыл алынса мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтпөстүгүн айткан.

"Келген журналисттердин бардыгы "күзүндө шайлоо болобу?" деп сурап жатышат. Андай болбойт. Шайлоо өз убагында эле 2026-жылы ноябрда өтөт. Депутаттык да, президенттик да шайлоо өз убагында болот. Бул мыйзам долбоорунун ага эч тиешеси жок", - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документте өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: