super.kg logo

Лавров: Орусия менен АКШ “Украина боюнча процессти” баштайт

 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва менен Вашингтон Украинадагы согушту жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү процессин баштоону макулдашканын билдирди. Анын айтымында, АКШ өзүнүн өкүлүн аныкташы керек, андан соң Орусия дагы сүйлөшүүгө катышуучунун атын атайт.

"Тийиштүү өкүлдүн аты-жөнүн жана кызматын билгенден кийин, биз дароо бул процесске катышуучубузду дайындайбыз", - деди Лавров маалымат жыйынында.

Орусия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөр 18-февралда Эр-Риядда өттү. Орус делегациясын Сергей Лавров, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана Орусиянын түз инвестициялык фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев жетектеди.

АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарман Стив Уиткофф катышты.

Тараптар орус-украин согушунун аякташы жана президенттер Владимир Путин менен Дональд Трамптын ыктымал жолугушуусуна даярдыктарды талкуулашты.

Сүйлөшүүлөргө Киев катышкан жок. Украинанын президенти Владимир Зеленский Анкарадагы маалымат жыйынында Киевге сүйлөшүүлөр тууралуу билдирилбегенин айтты.

"Орусия менен АКШнын Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрү биз үчүн күтүүсүз болду. Биз алар тууралуу маалымат каражаттарынан билдик", - деди Зеленский.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: