super.kg logo
  Спорт  

Жасалма интеллект Бетербиев-Бивол беттешинде ким жеңишке жетерин айтты

 

AI Google аттуу жасалма интеллект орусиялык мушкер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун титулдук реваншына прогноз берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Артур Бетербиев менен Дмитрий Бивол 22-февраль күнү Сауд Арабияда жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы үчүн кайрадан беттешет.

"Бул беттеш 12 раундга созулат жана беттеште калыстардын чечими менен Дмитрий Бивол жеңишке жетет", - деген жыйынтыгын берген AI Google жасалма интеллекти.

2024-жылдын 12-октябрында Эр-Риядда Бетербиев менен Биволдун ортосунда жарым оор салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн биринчи беттеш өткөн. Беттеш 12 раундга созулуп, калыстардын чечими менен Бетербиев жеңишке жеткен. Бивол үчүн бул жеңилүү профессионалдык карьерасындагы биринчи жеңилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: