super.kg logo

АКШ Орусияга каршы санкцияларды токтотсо, Евробиримдик кандай кадамга барары айтылды

 

Орусияга каршы санкцияларды Америка Кошмо Штаттары алса, Евробиримдик андай кадамга барбайт. Мындай билдирүүнү Евробиримдиктин экономика боюнча комиссары Валдис Домбровскис Брюсселде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, аткаминерден басылмалар, "Эгереде, АКШ Орусияга каршы санкцияларды Украинадагы ок атышууну токтотуу үчүн алып салса, Брюссел өзүнүн санкция саясатын жүргүзөбү?" деген суроого жооп берди.

“АКШнын жаңы администрациясынын саясатын эске алуу менен, Евробиримдик өзүнүн коопсуздук маселелерин өз колуна алышы керек, бул санкциялык саясатка да тиешелүү. Учурда 16-пакет боюнча иштер жүрүп жатканын билесиздер”, - деп жооп берди Домбровскис.

Ал ортодо “The Economist” журналы Украинадагы кырдаал жөнгө салынса, Европа орус газын ири өлчөмдө сатып алууну кайра баштоону көздөп жатканын жазган. Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдү Европадагы акыркы үч жылдагы эң суук кыш жана башка факторлор күчөткөнүн белгилеген басылмалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: