super.kg logo

Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Киевге барды

 

АКШ президенти Дональд Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Киевге келди. Бул туурасында украин басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, аткаминерди АКШнын Украинадагы элчиси Бриджит Бринк тосуп алды.

Келлог журналисттер менен баарлашып, анын келиши “потенциалдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк” экендигин белгиледи.

“Биз угабыз. Биз баарына бирдей керектүү багытты көздөйбүз. Биз коопсуздук кепилдиктеринин зарылдыгын түшүнөбүз. Менин миссиямдын бир бөлүгү – Украинаны угуу. Андан кийин мен АКШга кайтып, өлкө башчысы Трампка жетиштүү жана туура багыттагы маалыматтар менен бөлүшүп, сүйлөшөбүз.

АКШны ошол учурда Трамп башкарып турганда согуш болбойт болчу. Биз карапайым элдин кыйналганын, чоң кыйроолор болуп жатканын сезип жатабыз”, - деди атайын өкүл.

Айта кетсек, чет элдик ММКлар Кит Келлогдун Украинага барышын Орусия менен АКШнын Эр-Рияддагы сүйлөшүүсүнөн кийин жазып чыккан. Андыктан Украинанын президенти Владимир Зеленский Сауд Арабиясына болгон иш сапарын жылдыргандыгы маалыматта кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: