Ошто дагы бир аймакка окуучуларды акысыз мектепке ташуучу автобус тапшырылды





Бүгүн, 19-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында көчмө аппараттык жыйын өткөрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жыйындын алкагында аталган аймактын мектеп окуучулары үчүн автобус тапшырылды. Эми муниципалдык автобус окуучуларды акысыз мектепке ташыйт.
Белгилей кетсек, буга чейин Жапалак айыл аймагындагы мектеп окуучулары үчүн автобус берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.