super.kg logo

"Куудул, диктатор". Дональд Трамп Зеленскийди катуу сынга алды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында жана башка социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында украин лидери Владимир Зеленскийге каршы бир катар катаал билдирүүлөрдү жасап, аны “куудул” жана "диктатор" деп атады.

"Ойлонуп көргүлөчү: жупуну ийгиликтүү куудул Владимир Зеленский жеңүү мүмкүн эмес жана эч качан башталбай турган согушка АКШны 350 миллиард доллар коротууга көндүрдү", - деп жазды Ак үйдүн башчысы.

Трамптын айтымында, АКШ Европага караганда Украинадагы согушка 200 миллиард доллар көп короткон. Ошондой эле анын айтымында, Зеленский, АКШдан алынган сумманын жарымы жоголуп кеткенин моюнуна алган.

"Ал шайлоо өткөрүүдөн баш тартып жатат, украиналык сурамжылоолордо анын рейтинги өтө төмөн. Анын бир гана жакшы нерсеси – Байден менен ойногону. Шайлоосуз диктатор болгон Зеленский эртелебесе анын өлкөсү калбай калат", - деп жазган Трамп.

АКШ президенти америкалыктар Орусия менен согушту токтотуу боюнча ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, буга Трамп жана анын администрациясы гана жетише аларын айтты.

Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын март айынын аягында өтүшү керек болчу, бирок аскердик абалга байланыштуу өткөрүлгөн эмес. Зеленскийдин беш жылдык президенттик мөөнөтү май айында аяктаган. 18-февралда Трамп Украинада шайлоо өткөрүүгө чакырып, ошондой эле үч жылдык согуш үчүн Зеленскийди айыптады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: