Москвада институттун имаратында ири өрт кырсыгы катталды (видео)




Орусиянын борбору Москва шаарынын түштүк аймагында жайгашкан административдик имаратта ири өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында орус басылмалары маалымат беришүүдө.
Маалым болгондой, тилсиз жоо каптаган имарат Информатика институтуна таандык.
Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 1,5 миң чарчы метр аянт чектөөгө алынган. Учурда жерине 150 куткаруучу, 50 техника тартылган.
Мындан тышкары тик учактар менен өрттү өчүрүүгө 400 тонна суу чачылды. Азырынча өрт толук өчүп бүтө электиги маалыматта кошумчаланган.
Орусиянын борбор шаарында ири өрт кырсыгы катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.