super.kg logo

АКШнын мурдагы элчиси Дональд Трампты Сталиндин кыялын ишке ашырууда деп айыптады

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский боюнча жасаган билдирүүлөрү менен Орусияга Иосиф Сталиндин кыялын ишке ашырууга жардам кылып жатат. Бул тууралуу The Hill басылмасы АКШнын Япониядагы мурдагы элчиси Рам Эмануэль билдиргенин жазды.

Анын айтымында, Орусия үчүн Сталин доорунан бери НАТОну бөлүү негизги максат болуп келген жана бул жаатта Трамп Москвага абдан маанилүү "актив" болуп жатат. Ошондой эле дипломат Кремль Вашингтон менен болгон акыркы сүйлөшүүлөргө ыраазы экенин белгилеген.

Буга чейин Дональд Трамп Зеленскийди шайлоо өткөрүүдөн баш тартканын диктатор деп сындаган жана аны жеңүү мүмкүн эмес болгон согушка АКШны каражат жумшоого көндүргөн деп айыптаган. Трамптын билдирүүсүнөн соң Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны колдоого алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: