super.kg logo

Ноокатта сабалган окуучу кыз: Райондук билим берүү башкармалыгы эмне дейт?

 
Бүгүн, 20-февралда Ош облусунун Ноокат райондук билим берүү бөлүмү "Көк-Жар" инновациялык комплексинде сабалган кыз боюнча маалымат берди.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, өз учурунда окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Ошондой эле мектеп жетекчилиги тарабынан бул окуяга жол берген тиешелүү мугалимдерге тартиптик чара катары "эскертүү", "сөгүш" берилген.
"Мектептин директоруна, окуу бөлүм башчысына, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарына "сөгүш" берилген жана бул мектеп райондук билим берүү бөлүмү тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган. Билим берүү бөлүмү өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук прокуратура кызматкерлери менен биргеликте мектептерде жыйындар 2024-жылдын ноябрь айынан бери үзгүлтүксүз жүрүп келе жатат", - деп билдирген маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин сабалган кыздын апасы видео кайрылуу аркылуу окуя тууралуу айткан. Ошондой эле милиция кылмыш иши козголгондугун билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.02.2025. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ок болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: