super.kg logo

Бишкекте мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун сөөгү эксгумацияланды

 

Бишкектеги №72 мектепте токмоктон каза болгону айтылган Аннас Айтбаевдин сөөгү эксгумацияланды. Бул тууралуу маалыматты маркумдун атасы Дөөлөт Айтбаев тастыктаганын "Азаттык" сайты жазды.

"Биз балабыздын мектептеги токмоктон өлгөнүн ал жерге берилгенден кийин билгенбиз да. Колубуздагы уулумдун телефонуна келген коркутуп-үркүткөн аудио жазууларды, классташтарынын көрсөтмөлөрүн милицияга бергенбиз. Ошондуктан тергөө анын чындыгында токмоктон каза болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Кечээ атайын эксперт дарыгерлер барып, эксгумация жүргүзүштү. Жыйынтыгы бир айда чыгат экен", - деген Айтбаев.

Эске салсак, 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумган. Маркум өспүрүмдүн ата-энеси милицияга 10-февралда кайрылган. Алар уулу 21-январда мектептин дааратканасында сабалгандан кийин эс-учун жоготуп, Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана эки аптадан кийин эсине келбей каза болгондугун билдиришкен. Баланын ата-энеси кылмышты жаап-жашырууга аракеттенген деп, мектептин жетекчилигин, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторду да жоопко тартууну талап кылып жатышат.

15-февралда шаардык милиция 8-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип, 9-класстын окуучусу кармалганын кабарлаган. Өспүрүмдүн ур-токмоктон каза болушу Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутат Надира Нарматова айтып чыккандан кийин белгилүү болгон. Ошол эле күнү шаардык милиция факты боюнча 10-февралда эле кылмыш иши козголгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: