super.kg logo

Индияда кыргыз маданияты, каада-салты көрсөтүлдү (сүрөт)

 

Нью-Дели шаарында Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Аялдар эл аралык клубу (Women’s International Club) менен биргеликте эл аралык иш-чара уюштурду. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 19-февралда өткөн саамалык кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана өлкөнүн туристтик потенциалын жайылтуу максатында өткөрүлдү. Анда манас айтылып, күүлөр аткарылып, «Айкөл Манас бийи», «Түш кийиз бийи» бийлери тартууланды.

"Элчилик иш-чаранын конокторуна тарыхый маалыматтарды, популярдуу туристтик маршруттарды жана кызыктуу жерлерди, туризмди өнүктүрүү, маданияттар аралык алмашуу, улуттук каада-салттарды жана баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды камтыган өлкөнүн презентациясын тартуулады.

Ошондой эле Кыргызстандын тоо пейзаждарынын камтыган сүрөт көргөзмөсү өзүнчө стенд катары уюштурулду. Презентация туристтик видеороликтерди көрсөтүү жана брошюралар түрүндөгү таркатма материалдар менен коштолду" деп жазылат маалыматта.

Иш-чаранын соңунда конокторго кыргыздын улуттук тамак-ашы тартууланды.

Маалымат үчүн: Women’s International Club Индияда аккредиттелген чет өлкөлүк элчиликтердин дипломат аялдарынан жана кабыл алуучу өлкөдөгү коомдук уюмдардын лидер аялдарынан турат. Клубда 135ке жакын мүчө бар, алардын максаты ар түрдүү маданияттын жана жамааттардын ортосундагы маданий карым-катнашты өнүктүрүү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: