super.kg logo

"Рэкетир" тасмасынын жылдызы Руслан Камчынын тасмага эч кандай тиешеси жок экенин айтты (видео)

 

Коңшу Казакстандын белгилүү "Рэкетир" тасмасында Саяндын ролун жараткан казак актёру Саят Исембаев Кыргызстандын жетекчилигине кайрылды.

Буга чейин тасма Кыргызстанда прокаттан алынганы белгилүү болгон. Ал эми мындан бир күн мурун социалдык тармактарда тасманын Бишкектеги бет ачарынан маркум Камчы Көлбаевдин уулу Руслан Камчы тартылган видео тараган. Ал тасманын актёрлору менен жолугуп, коштоп жүргөнү маалым болгон.

Саят Исембаев өз кезегинде Руслан Камчынын тасмага эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

"Мен Кыргызстандын жетекчилигине да кайрылгым келет. Кыргызстандын тургундары биздин тасманы көптөн бери күтүшкөн. Биздин тасманы көрсөтүүгө уруксат берүүңүздөрдү суранабыз", - деди Саят Исембаев.






Саят Исембаевдин кайрылуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: