super.kg logo

"Качкын" тасмасы эл аралык кинофестивалда үч сыйлыкка татыды (фото)

 
Режиссёр Дастан Жапар Рыскелдинин "Качкын" тасмасы Франциянын XXXI Везуль эл аралык Азия киносунун кинофестивалында үч сыйлыктын ээси болду. Бул тууралуу "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, аталган иш-чара 11-18-февраль күндөрү өткөн. Аталган тасма төмөнкү сыйлыктарга татыган:
  • 1-сыйлык — кытайлык кинорежиссёр Цзя Чжанкэ төрагалык кылган кинофестивалдын калыстар тобунун атайын сыйлыгы.
  • 2-сыйлык – тасмада ааламдык адам сатуу маселеси чагылдырылганы үчүн берилген "Марк Хааз" сыйлыгы.
  • 3-сыйлык – Париждеги "Гиме" атындагы улуттук Азия искусствосу музейинин башкы сыйлыгы жана айкелчеси.
Айта кетсек, Везуль эл аралык Азия киносунун кинофестивалы (Везуль) 1995-жылдан бери уюштурулат жана анда жылыга 90дой тасма көрүүчүлөрдүн назарына сунушталып келет.
Ал эми "Качкын" тасмасы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында 2024-жылы тартылган жана анын эл аралык бет ачары өткөн жылдын октябрь айында Пусан эл аралык кинофестивалында өткөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: