super.kg logo

АКШнын мамлекеттик катчысы Путин менен Трамптын жолугушуусу боюнча билдирүү жасады

 

Орусиянын жана АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө көз каранды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Ал белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын потенциалдуу багыттарына карабастан, Украина кризиси мамилелерди татаалданткан негизги фактор бойдон калууда.

“Эки өлкө лидеринин жолугушуусу качан болорун билбейм, бирок алар бетме-бет отуруп сүйлөшүүсү керек. Жолугушуу мазмундуу болуп, ал жетишерлик жакшы натыйжа бериши шарт”, - деди Рубио журналист Кэтрин Херриж менен болгон маегинде.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 18-февралда Путин менен Трамптын жолугушуусу “кийинки жумада, башкача айтканда, 24-февралдан 2-мартка чейинки аралыкта өтүшү мүмкүн” деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: