super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы кызматтык сапарларды көзөмөлдөөнү тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык иш сапарларынын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал президенттин администрациясынын "Ынтымак ордодогу" коллегиясында билдирди.

Анда МинКаб башчысы максаттары жана милдеттери окшош болгон иш сапарларды бириктирүү менен алардын санын кыскартууну, алардын отчёттуулугунун ачыктыгын камсыздоону тапшырды.

"Мындай чаралар чыгымдарды азайтууга, министрлик менен министрдин ишинин жалпы натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле ашыкча бюджеттик чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет.

Белгилүү болгондой, ийгиликтүү иш сапарлар бир катар факторлор менен мүнөздөлөт, алардын ичинде так аныкталган максаттар, компетенттүү пландаштыруу, квалификациялуу адистердин катышуусу. Иш сапарга кызматкерлерди тандоодо субъективдүүлүккө жана регламенттерди бузууга жол бербегиле. Буга байланыштуу иш сапарлардын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү, кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыттарына басым жасоону, алынган билимди жана тажрыйбаны башкаруу процесстерине интеграциялоону жана реформаларды натыйжалуу киргизүүнү камсыздоону тапшырам", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: