super.kg logo

Астанада лифтте 5 жаштагы балага бычак менен кол салган өспүрүмгө кандай жаза берилери белгилүү болду 

 

Казакстандын Астана шаарындагы турак үйлөрдүн бириндеги лифтте 5 жашар балага бычак менен кол салган 14 жаштагы өспүрүм кандай жазага тартыла турганы белгилүү болду. Бул тууралуу казак басылмасы Tengrinews.kz жазды.

Маалыматка ылайык, Астана ШИИБдин Нура райондук ички иштер бөлүмү сотко чейинки тергөө иштери башталганын билдирген. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренесинин 3-бөлүгү "Ден соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ыңгайлаштырылган буюмду колдонуу менен жасалган бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул берененин негизинде күнөөлүүгө беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралганы маалым болду.

Белгилей кетсек, 11-февралда Казакстандын Астана шаарындагы турак үйлөрдүн бириндеги лифтте 14 жаштагы өспүрүм 5 баштагы балага бычак менен кол салган. Аталган окуянын видеосу байкоочу камерага түшүп калып, социалдык тармактарга тараган.

Кол салган 14 жаштагы кыз психикалык ооруканада каттоодо турары маалым болгон. Анын мыйзамдуу өкүлдөрү милицияга чакырылып, алар тарбиялык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартыла турганы айтылган.

Ал эми жабыркаган 5 жаштагы бала оор абалда ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, ал көп кан жоготкон. Акыркы маалыматтарга караганда, учурда 5 жашар баланын абалы жакшы деп айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: