Футбол боюнча 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугу кышында өткөрүлөт

2022-жылы Катарда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу кыш айларында өткөрүлөт. Бул тууралуу кечээ, 8-январда ФИФАнын вице-президенти Жером Вальке европалык басылмалар менен курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, жайкысын Катарда Дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө күндүн ысыктыгы жолтоо болот. Андыктан мелдешти өткөрүү 15-ноябрдан кийинки убакытка, кыш айларына пландалышы керек. Бул тууралуу чечимдин бардыгы 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугунан кийин гана чыгарылат.
Эске салсак, буга чейин ФИФАнын президенти Жозепп Блаттер 2022-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун июнь жана июль айларында өткөрүү мүмкүн эместигин айткан. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2025-07-21

9:10
2025-07-21
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.