super.kg logo
  Саясат  

Менчик окуу жайларга лицензия берүүгө убактылуу мораторий киргизилиши мүмкүн

 

Билим берүү жана илим министрлигине жеке менчик жогорку окуу жайларды лицензиялоого убактылуу мораторий жарыялоо тапшырылды. Бул тууралуу кечээ, 21-февралда өткөн президенттин аппаратынын коллегиясында белгилүү болду.

Коллегиянын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар тапшырмаларды берди:

  • лицензиялоонун бирдиктүү мамлекеттик платформасын киргизүү;
  • аккредитациялоо боюнча чечимдерди карап чыгуу;
  • аккредитациялоо жол-жоболорун өркүндөтүү;
  • аккредитациялоочу агенттиктердин стандарттарын жана жол-жоболорун оптималдаштыруу;
  • агенттиктерге каршы санкцияларды катаалдаштырууну кароо;
  • Министрликтин бардык бөлүмдөрүндө санариптик контролдоо механизмдерин киргизүү, лицензиялык жана контролдоо боюнча милдеттерди аткарбаган кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын колдонуу, министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүндө кызматтык иликтөө жүргүзүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: