super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров “Барселона" футбол кулубунун айланасында айтылган кептерге жооп берди

 

Президент Садыр Жапаров Бишкекте курулуп жаткан "Барселона" футбол клубунун айланасында айтылган кептерге комментарий берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маеги "Кабар" маалымат агенттигине жарыяланды.

"Спортто күч атасын тааныбайт дейт. Айрыкча футболдо талантың жок болсо, мага десең королдун баласы болсоң да командага кирбейсиң. Ал эми күчтүү болсоң, айылда кетмен чапкан дыйкандын баласы болсоң да командага талашып алышат.

Азыркы Кыргызстандын курама командасын караңыздар. Бир дагы байдын же чиновниктин баласы жок. Тескерисинче жөнөкөй калктын арасынан чыккан балдар жүрүшөт. Мисалга алсак, раматылык Жаныбек Алыкуловдун баласы курама командабызда чабуулчу болуп жүрөт. Ал киши чиновник болгон эмес. Жөнөкөй эле куудул, артист болгон.

Ошондуктан бүткүл өлкөбүздүн жаштарына кайрылам. Футбол менен машыккыла. Бардык шарттар түзүлүп жатат. Өлкө боюнча ар бир айылга кичи футбол аянтчасын куруп келе жатабыз.

Алдыдагы 4-5 жылда ар бир айылда футбол аянтчалары болот. Андан сырткары облустардын, райондордун борборлорунда стадиондор салынат. Азыр ким болбосун, биз баарына бирдей шарттарды түзүп беребиз. Анан алдыда келе жаткан 10 жылдан кийин жаштардан жыйынтыгын сурай баштайбыз.

Таланты ташкындап турган балдарды мейли кимдин баласы болбосун академияга бекер алганга шарт түзүп беребиз" деген президент.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар Бишкектеги «Барселона» футбол клубунда колунда жоктор машыга албайт деген таризде маалымат чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: