"Рахмат, абсолюттук чемпион!". Элчи Улукбек Марипов Дмитрий Биволго ыраазычылык билдирди
Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарында абсолюттук дүйнө чемпиону болгон Дмитрий Биволду жеңиши менен куттуктап, ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Дмитрий Биволдун жеңиши – Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Эр-Рияддагы таймашта ал күчүн далилдеп, дүйнөнү дагы бир жолу таң калтырып, Кыргызстаныбызды алыска таанытты. Бул жеңиш мырзалардын майрамына эң сонун белек болду! Рахмат, абсолюттук чемпион!" деп жазды ал.
Айта кетсек, 23-февралга караган түнү Бивол орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен болгон реванш беттешинде жеңишке жетип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталды.
23.02.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.