super.kg logo

Дональд Трамп Украинадагы согушту ушул жумада токтоторун айтты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосунда согушту ушул аптада жөнгө сала турганына ишендирди. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымына караганда, Трамп Орусия келишим түзүүгө даяр экенине ишенет жана ага аркеттер көрүлүүдө.

"Дональд Трамп күнөөсүз адамдардын өлүмүнүн токтотуп жана тынчтыкты каалай турганын айтты. Президент жана анын командасы чыр-чатакты токтотуу үчүн эки тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Ошондой эле президент согушту ушул аптада токтото алабыз деп ишенет", - деген.

Ошону менен катар Ак үйдүн басма сөз катчысы согушту токтотууга жана макулдашууга жетишүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолтц күнү-түнү иштеп жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: