super.kg logo

Токтогулда жергиликтүү тургундар баңгизат даярдап сатууга шектелип кармалды

 

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундар өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын жасап саткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунун Буракан айылында О.У. аттуу жаран кошунасынын киши жашабай кароосуз калган үйүндө марихуана даярдап, кийин сатуу үчүн ар кандай прекурсорлорду колдонуу менен гашиш жасагандыгы аныкталган.

"Шектүү О.У. өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары көрсөтүп, жергиликтүү укук коргоо органдары менен бир нече жолу чыр-чатакка барган. Ошондой эле өзүнүн көмөкчү чарбасынын кызматкерлерин жапайы өскөн кара куурай чогултууга жана гашиш жасоого мажбурлаган", - деп айтылат маалыматта.

12-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда жалпы салмагы 35 килограмм болгон баңги каражаттарынын ири партиясы (гашиш жана марихуана), ошондой эле баңги каражаттарын даярдоо үчүн жабдуулар табылып алынган.

Учурда О.У. менен аталган аймактын Э.Р. жана Д.Н. аттуу эки тургуну УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: