Чүйдө 32 жаштагы эркек чогуу жашаган аялдын колунан ажал тапты
Чүй облусундагы Люксембург айылында 26 жаштагы аял чогуу жашаган эркек кишини өлтүрүп алды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жумадан ишембиге караган түнү 32 жаштагы эркек жана 26 жаштагы аял үйүндө спирт ичимдигин ичип отуруп жаңжалдаша кетишкен.
“Алардын ортосунда чыр-чатак чыгып, анын кесепетинен аял ашкана бычагы менен эркек кишинин көкүрөгүнүн сол тарабына чаап жиберген. Жаракат алган 1992-жылкы М.Г. аттуу жаран жеринде каза тапкан”, - деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда шектүү 1998-жылкы Б.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.