super.kg logo

"Каякта жашайсың?" Ак-Ордодо өспүрүм балдардын көчөдө жаткан видеосу тарады

 

Бишкектин Ак-Ордо конушунда окуучу балдардын көчөдө жатып калган видеосу тарады.

Окуучу балдардын көчөдө жатканын жергиликтүү тургундар байкап, "Тез жардам" кызматын чакырышкан.

Бул окуя боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирүү таратты. Анда милиция аталган окуучу балдарды аныктап, ата-энелерине өткөрүп бергендигин билдирди.

"Бул факты боюнча милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Жашы жете элек балдар ата-энелерине берилди.

Топтолгон материалдар жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын кароосуна жиберилип, ата-энелерге да чара көрүлөт.

Урматтуу ата-энелер! Балдарыңыздын коомдук чөйрөсүнө, алардын жүрүм-турумуна жана жыргалчылыгына көңүл бурууну суранабыз. Белгисиз заттарды колдонуунун мүмкүн болуучу тобокелдиктери жана кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү сүйлөшүүлөрүн жүргүзүңүздөр", - деп билдиришти Ленин РИИБинен.






Ак-Ордодо көчөдө жаткан балдардын видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: