Азербайжанда Орусияга байланышы бар медиа жабылды
“Россия сегодня” (Sputnik) медиа тобунун Азербайжандагы өкүлчүлүгү жоюлду. Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажизаде чет элдик басылмалардын бирине жооп берип жатып билдирген.
Маалымдалгандай, ал орусиялык компания Азербайжанда бир гана корреспонденти үчүн аккредитация алса боло тургандыгын айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.
Белгилей кетсек, буга чейин, 6-февралда Азербайжан Орус үйүнүн (Орусия кызматташтыгынын өкүлчүлүгү) ишин токтоткондугу тууралуу билдирген. 11-февралда Бакудагы Орус үйү ишин токтотуп, ижарага алынган жайларды бошотуп баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.