super.kg logo

"Аяр пайдалануу керек". Нарында жол тейлөө ишканаларына техникалар берилди

 

Бүгүн, 24-февралда президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов облустагы жол тейлөө ишканаларына атайын техникаларды тапшырды.

Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, өкмөттөн облустагы 9 жол тейлөө ишканаларына 73 даана техника бөлүнүп берилген. Алар:

  • 9 даана автогрейдер, 9 даана 15 тонналык автосамосвал, 9 даана каток (тротуарный),
  • 9 даана асфальт кескич (фреза), 9 даана таптагыч (ручной каток), 9 даана компрессор,
  • 4 даана кран-манипулятор, 4 даана кум чачкыч жана алдыңкы калагы бар машина, 3 даана автомашина (дубль кабина), 1 даана автогудронатор (битум чачуу), 2 даана автопогрузчик, 1 даана МДК (кар тазалоочу техника), 1 даана асфальтоукладчик, 1 даана экскаватор, 1 даана асфальто-бетон заводу, 1 даана таш талкалоочу жабдуу.

Иш-чарада облус башчысы Эргешов жолчуларды куттуктап, техниканы өз кызыкчылыкка пайдаланып жибербей, аяр мамиле жасоо керектигин эскертти.

"Бул техника сиздердин ишиңиздерди тездетет жана жолдордун сапатын жакшыртууга чоң салым кошот деген ишеничтемин. Биздин эң негизги максатыбыз – жолдорду сапаттуу куруп, тургундарга ыңгайлуулукту камсыздоо. Техниканы өз кызыкчылыгыңыздарга пайдаланып жибербей, аяр пайдалануу керек. Жолдордун абалын, сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турмакчыбыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: