super.kg logo
  Саясат  

Байсалов Кыргызстан Газадан палестиндерди мажбурлап чыгаруу сунушуна каршы экени айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 24-февралда Женевада өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-жыйынында Кыргызстан Газа тилкесинен палестиндерди башка жактарга күчтөп көчүрүү боюнча сунуштарга тынчсызданып жатканын билдирди.

Ал өз сөзүндө Палестинадагы кырдаалга өзгөчө көңүл буруп, дүйнө коомчулугун адилеттүүлүк үчүн чечкиндүү аракеттерге чакырды.

"Палестина калкын мажбурлап көчүрүү аракеттери этникалык тазалоодон башка эч нерсе эмес. Биз мындай демилгелерди четке кагып, эл аралык коомчулукту бүтүндөй элди жамааттык жазалоонун алдын алууга чакырабыз", - деди Байсалов.

Ал Кыргызстан палестин элинин өзүн-өзү аныктоо укугун колдой тургандыгын ырастады, ошондой эле узак мөөнөттүү тынчтык эл аралык укукту урматтоо жана тең укуктуу диалог аркылуу гана мүмкүн экендигин баса белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп 5-февралда араб мамлекеттерине кайрылып, Газанын тургундарын кабыл алууга чакырып, палестиндердин аймакты таштап кетүүдөн башка аргасы жок экенин айткан. Трамп Америка Газа тилкесин кошуп алып, экономикалык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө даяр экенин билдирген.

"Мен Газа тилкесин сатып алуу жана аны өз күчүбүз менен калыбына келтирүү идеясын колдойм", - деген ал.

Палестиналык ХАМАС кыймылы Трамптын Газа тилкесин алуу жана көзөмөлдөө жөнүндөгү билдирүүсүн кескин айыптаган. Кыймылдын Саясий бюросунун мүчөсү Иззат ар-Ришк блокададагы сектордун сатыла тургандай кыймылсыз мүлк эмес экенин баса белгилеп, Газанын Палестинанын ажырагыс бөлүгү экенин эске салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: