Өлкөдө мектеп окуучулары үчүн илим сабагы киргизилет
Өлкөдө 1-класстан 9-класска чейинки окуучулар үчүн илим сабагы киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелис Музулманов билдирди.
Айтымында, бул предметте окуучулар химия, физика жана биология боюнча билим алышат.
"Бул предметтин ичине физика, биология, химия предметтери кирет. Илим сабагы 1-класстан 9-класска чейинки окутулат. Ал эми 10-11-12-класстарга профилдик окутуу катары физика, биология, химия сабактары өзүнчө окутулат.
Учурда илим сабагын үч предметтин (химия, физика, биология) мугалимдери бир китептин алкагында окута берет. Ал эми келечекте атайын илим сабагын окута турган адистерди даярдоо ЖОЖдор менен биргеликте жолго коюла турган маселе " деп билдирди ал.
25.02.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.