Владимир Путин Украинада Зеленскийдин деңгээлинен дагы жогору талапкер бар экенин айтты
Орусиянын президенти Владимир Путин Владимир Зеленскийдин рейтинги Валерий Залужныйдан эки эсе төмөн экенин айтты. Анын сөзүн РИА Новости агенттиги жазды.
"Анын рейтинги азыр канча экени маанилүү эмес. Анын рейтинги Залужныйдын рейтингинин жарымындай эле. Зеленскийдин президенттик шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок", - деген Путин.
Путин ошондой эле Украинанын мамлекеттүүлүгүн сактап калууга каршы эмес экендигин кошумчалаган.
Валерий Федорович Залужный – украиналык 51 жаштагы аскер башчы. 2024-жылдын 9-майынан бери Украинанын Улуу Британиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн эң жогорку наамынын ээси. Украинанын баатыры.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.