super.kg logo

Түштүк Кореяда кулаган асма көпүрө үч жарандын өмүрүн алды (видео)

 

Түштүк Кореяда жаңы курулуп жаткан көпүрө урап, кеминде үч адамдын өмүрүн алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, каргашалуу окуя бүгүн, 25-февралда жергиликтүү саат менен 09:49дар чамасында орун алган. Анда Сеул-Седжон экспресс жолунун бир бөлүгүндө жумушчулар кран менен темир конструкцияны таянычтарын жылдырып жаткан учурда болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 8 жумушчу болуп, алардын үчөө жеринде каза болгон. Калган бешөө жаракат алган. Ага карабастан куткаруучулар жеринде кырсыкта дайынсыз жоголушу мүмкүн болгон адамдарды издөө иштерин жүргүзүүдө. Президенттин милдетин аткаруучу Чхве Сан Мок куткаруу операциясын жүргүзүү үчүн колдо болгон бардык ресурстарды жана кызматкерлерди колдонууга чукул буйрук чыгарды.






Түштүк Кореяда кулаган асма көпүрө үч жарандын өмүрүн алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: