super.kg logo

"Эскертүүлөрдү аткарбай жатышат." Ош облусунда мыйзамсыз курулуштарды тазалоо иштери кызуу жүрүүдө (видео)

 
Ош облусундагы кызыл сызыкка чыккан мыйзамсыз курулуштарды алуу жана аларды тазалоо боюнча иштер кызуу жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалым болгондой, Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун Мады жана Баш-Булак айыл аймагынан өткөн бөлүгүндө кызыл сызыкка чыгып кеткен 500дөн ашуун ар кандай багыттагы курулуштар алынып бүтүп калды.
"Кара-Суу районунун Савай, Отуз-Адыр айыл аймактарында да мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Адистер буга чейин тургундарга кызыл сызыкта турган объектилерин алып салуу боюнча бир канча жолу эскертүүлөрдү беришкен. Көпчүлүгү мыйзамга баш ийип өз алдынча жылдырса, айрымдары талаптарды аткарбагандыктан бүгүн атайын техника менен буздуруу иштери жүргүзүлдү. Айта кетсек, учурда жолдорду кеңейтүү иштери облустун бардык райондорунда жүргүзүлүүдө. Ушул күнгө чейин 1000ден ашуун объект бузулду", - деп айтылат маалыматта.





Ош облусунда мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштери кызуу жүрүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: