super.kg logo

УКМК Ошто кармалган аскер кызматкерлери боюнча билдирүү жасады

 

Ош облусунда бир катар аскер кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталып, кылмышка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, кечээ, 24-февралда Аскер прокуратурасынын органдары менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмыштын белгилери боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунда коррупциялык схемаларды уюштурууга шектелген Кара-Суу, Араван жана Өзгөн аскер комиссариаттарынын бир катар аскер кызматчылары кармалган.

"Кылмыш ишинин алкагында Кара-Суу, Араван жана Өзгөн аскер комиссариаттарынын айрым аскер кызматчылары мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууда негизсиз артыкчылыктарды бергендиги, мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандыгы, кызматка жараксыз деп мыйзамсыз таанылгандыгы, ошондой эле мобилизациялык резервге даярдоодон өтө турган адамдардын тизмесине мыйзамсыз киргизүү үчүн жарандардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.

Буга чейин Башкы прокуратура Оштогу үч райондо аскер кызматкерлери кармалганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: