super.kg logo

Рамзан Кадыров Бетербиевдин Биволго жеңилиши боюнча үн катты

 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Эр-Риядда өткөн беттеште мекендеши Артур Бетербиевдин Дмитрий Биволго жеңилип калышына реакция кылды.

"Ооба, бүгүн Артурдун рекордуна бир жеңилүү кошулду. Тилекке каршы, спортто мындан башка жол жок. Бирок ал карьерасында бир эмес, бир нече күчтүү мушкерди уткан мушкер болгон жана болуп кала берет", - деп жазды ал өзүнүн Телеграм каналында.

Кадыровдун айтымында, Бетербиевдин атын дүйнөлүк бокстун тарыхынан эч ким өчүрө албайт. Чечен Республикасынын башчысы ошондой эле Артур келечекте мындан да чоң ийгиликтерге жетише аларына ишенимин билдирди.

23-февралга караган түнү Бивол орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен болгон реванш беттешинде жеңишке жетип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталды.

Эки мушкердин бири-биринин үстүнөн бирден жеңиши бар. Алардын үчүнчү беттешин ушул жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: