super.kg logo
  Саясат  

Былтыр президент артка кайтарган мыйзам парламентке кайра келди 

 

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Министрлер кабинети демилегелеген мыйзам долбоорунда ЖМКларды каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу, маалыматка жетүү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин уюштуруу ченемдерин жана журналисттердин кесиптик ишмердигине байланыштуу башка ченемдерди тартипке келтирүү сунушталууда.

Маданият министринин орун басары Марат Тагаев интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралганын билдирди. Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Гуля Кожокулова "жалпыга маалымдоо каражаттары", "тармактык басылма" түшүнүктөрүнүн айырмачылыктары, аларды каттоо тартиби тууралуу суроолорду көтөрүп, тармактык басылма ЖМК эмес экенин белгиледи.

Эске салсак, былтыр 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылып, кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.






Жогорку Кеңеш 25.02.25

Жогорку Кеңеш 25.02.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: