super.kg logo

Трамп Ооганстанда калган АКШнын техникалары кайтарылгандан кийин Кабулга жардам боло тургандыгын айтты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстанга каржылык жардам көрсөтүүнү улантууга даяр экенин айтты. Бирок ал жардам талибдер 2021-жылы америкалык армиядан калган аскердик техниканы Вашингтонго кайтарып берсе гана ишке аша тургандыгын билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, Америка Ооганстандын өкмөтүнө жылына 2-2,5 миллиард доллар акча каражатын бөлүп келет.

Трамп өз сөзүндө учурда ал өлкөдө калган жабдыктардын көпчүлүгү кутудан чыга электигин айтып, алардын суммасы “миллиарддаган акчага тете” деп баалады.

Мындан тышкар чет элдик басылмалар, талибандардан аскердик техникаларды кайтарып алуу боюнча Трамп атайын өкүл бекиткенин жазышууда. Ал республикалык партиясынын тарапташы жана ишкер Даг Манчестер экендигин айтышууда.

Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, АКШ 2021-жылы Ооганстандан өз аскерлерин чыгарып кеткенден кийин бул жерге көптөгөн техникасын, анын ичинде 78 учак, 40 миңден ашуун унаа жана 300 миң бирдик ар кандай курал-жарактарды калтырган. Пентагон бул жабдуулардын баасы 7 миллиард доллардан ашат деп эсептейт.

Белгилей кетсек, буга чейин Ооганстандын азыркы өкмөтү Өзбекстандан Вашингтонго кайтарып берген АКШнын учактарын кайра артка кайтаруу боюнча талабын билдирген. Алар бул техникалар Американын жардамы экендигин айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: