super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мамбеталиевге маданият министри ишти эмнеден башташы керектигин айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков маданият министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлиги каралып жатканда ага чыгармачыл инсандар менен жолугушууларды өткөрүп, алардан учурдагы көйгөйлөрдү угуу зарыл экенин айтты.

Эл өкүлү маданият, маалымат, жаштар саясаты жаатындагы маселелерге көңүл буруп, бул багыттар маанилүү болгондуктан аларды өнүктүрүү боюнча жаңы программа иштеп чыгуу керектигин баса белгиледи. Жумабеков Мамбеталиевге талапкерлиги парламент тарабынан жактырылгандан кийин биринчи кезекте театрларда, музейлерде, китепканаларда иштеген жана башка маданият кызматкерлери менен жолугушууларды уюштуруу керектигин айтты.

"Алар өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып беришет. Иш менен жакындан тааныша аласыз. Албетте, алар айлык акысы аз экенин айтышат. Андыктан бул жөнүндө да ойлонуш керек. Алар жан дүйнөсү назик, жүрөгү таза, өз жумушуна күйгөн адамдар, бирок алар да үй-бүлөсүн багышы керек да", - деди Жумабеков.

Талкуунун жыйынтыгында парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети Мамбеталиевди маданият министри кызматына дайындоого макулдук берүүнү Жогорку Кеңешке сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: