super.kg logo

MegaPay жана Элкарт биргелешкен акциянын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүн аныктады

 

MegaPay жана «Элкарт» Улуттук төлөм системасы «Бир заматта төлөп, MEGA ЭЛКАРТ менен өзүӊө Таиландды ач!» акциясынын экинчи этабынын жыйынтыгын чыгарды.

Акция өлкөнүн бардык аймактарынан миңдеген катышуучуларды өзүнө тартты, ал эми экинчи турдун жеӊүүчүлөрү – акылдуу колонкалардын ээлери төмөнкү критерийлер боюнча аныкталды:

  • NFC түзмөктөрү аркылуу төлөмдөрдүн эң көп саны боюнча.
  • NFC түзмөктөрү аркылуу төлөмдөрдүн эӊ көп көлөмү боюнча.
  • Смартфон аркылуу эң көп транзакциялар боюнча.
  • Смартфон аркылуу төлөмдөрдүн эӊ көп көлөмү боюнча.

MegaPay колдонуучулардын жогорку кызыгуусун жана контактсыз төлөмдөрдүн популярдуулугун белгиледи: «Кардарлар заманбап жана ыңгайлуу төлөм ыкмаларын тандап жатканына кубанычтабыз. Биздин максат – колдонуучулар үчүн төлөмдөрдү тез, коопсуз жана пайдалуу кылуу».

«Элкартта» ошондой эле, өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн акциянын маанилүүлүгүн баса белгилешти: «Барган сайын көп адамдар контактсыз технологиялардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун түшүнүп жатканын көрүп жатабыз. Бул жөн гана тренд эмес, бул санариптик төлөмдөр күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп бараткан келечекке карай кадам».

Эскерте кетсек, акция 2024-жылдын 16-декабрынан 2025-жылдын 16-мартына чейин жүрөт. Алдыда катышуучуларды 2025-жылдын 16-мартына чейин улана турган үчүнчү жана акыркы этап күтүп турат. Катышуу үчүн POS-терминалдарда Элкарт Pay аркылуу контактсыз төлөмдү колдонуп, MEGA ЭЛКАРТ карталары менен накталай эмес транзакцияларды жүргүзүү, ошондой эле товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө NFC стикерлердин, шакектердин же билериктердин жардамы менен төлөө зарыл.

Башкы байге – Таиландга эки кишилик жолдомо – акциянын бүткүл мезгили ичинде төлөмдөрдүн эӊ көп саны менен бирге эң көп көлөмдөгү төлөм жүргүзгөн катышуучуга берилет.

Акциянын шарттары жана мөөнөттөрү тууралуу толук маалыматты шилтеме аркылуу өтүп билүүгө болот.

MegaPay жана «Элкарт» жаңылыктарына көз салып туруӊуз – унутулгус саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: