super.kg logo

MBusiness менен жеке ишкерлик күбөлүгүн онлайн алыңыз — кезексиз жана ашыкча кадамдарсыз

 

Бизнести каттоо процесси мурдагыдан дагы жеңил жана ыңгайлуу болуп калды. Эми сиз салык органдарына барбастан, ашыкча иш кагаздарысыз жана кезек күтпөстөн - онлайн режиминде жеке ишкер катары каттала аласыз.

MBusiness’те бир нече мүнөттүн ичинде арыз берүүгө жана жеке ишкерлик күбөлүгүн алууга мүмкүндүк берген "Жеке ишкерликти онлайн каттоо" жаңы кызматы ишке кирди.

Бул кантип иштейт?

  • MBusiness колдонмосуна катталыңыз
  • "Жеке ишкерликти онлайн каттоо" бөлүмүндө арызды толтуруңуз
  • Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жактырылгандан кийин дароо жеке ишкерлик күбөлүгуңүздү жүктөп алыңыз

Кызматтын негизги артыкчылыктары

✔Натыйжалуулугу – каттоо процесси бир нече мүнөттү гана талап кылат.

✔Жеткиликтүүлүк – сиз каалаган убакта жана каалаган жерден арыз бере аласыз.

✔ Жөнөкөйлүк – эч кандай ашыкча кадамдарсыз, ашыкча кагаздарсыз же мамлекеттик органдарга баруу зарылчылыгысыз.

Жеке ишкерликти онлайн каттоо - бул өз убактысын баалаган жана ашыкча кыйынчылыктардан жана кечигүүдөн арылууну каалаган ишкерлер үчүн келечекке кадам. MBusiness жеке ишкерликти каттоонун уникалдуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт, бул сиздин бизнесиңиз үчүн жаңы горизонтторду ачмакчы.

Бул кызмат Кыргызстандын жарандарына жеткиликтүү.

MBusiness ошондой эле жеке ишкерлер үчүн толугу менен онлайн форматта эсеп ачууну сунуштайт. Болгону 1 мүнөттө эсеп ачып, дароо бизнесиңизди өнүктүрүүгө кирише аласыз.

MBusiness – бул ишкерлер үчүн ыңгайлуулуктун жаңы деңгээли!

MBANK — Биринчи санарип!

КР УБ № 014 Лицензиясы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: