super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ханжеза блогерлер боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алууну сунуштады

 

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Карим Ханжеза блогерлер боюнча мыйзамдык талаптарды күчөтүү керектигин айтты.

Эл өкүлү “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбооруна блогерликти да камтууну сунуштап, алар кайсы бир адамдын аброюна шек келтирген окуялар болуп жатканын айтты.

Маданият министринин орун басары Марат Тагаев блогерлер кесипкөй журналист эмес экенин, буга байланыштуу мыйзам долбоорунда "блогер" деген түшүнүк жок экенин билдирди. Ал блогерлер боюнча өзүнчө мыйзам долбоорун даярдоо муктаждыгы бышып жетилгенин, жакында бул багытта долбоордун бир канча варианты сунушталышы мүмкүн экенин билдирди.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жалган маалымат тараткан жана жалаа жапкандарга айып пул салуу боюнча мыйзам жакында эле кабыл алынганын, мунун алкагында блогерлердин да ишмердигин камтууга болорун кошумчалады.

Жыйынтыгында комитет “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.






Жогорку Кеңеш 25.02.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: