Элдик Банктан айыл чарбаны өнүктүрүүгө 10 пайыздык насыялар

"Элдик Банк" ААК 2025-жылдын 25-февралынан баштап “Айыл чарбаны каржылоо – 13" мамлекеттик долбоору боюнча насыя алууга билдирмелерди кабыл ала баштагандыгын жарыялайт. 
Программанын алкагында төрт негизги багыт боюнча 10% (ЭТС 10,69%) жеңилдетилген кредит алууга болот:
- Мал чарбачылыгы
 - Өсүмдүк өстүрүүчүлүк
 - Сууну үнөмдөөчү сугат технологиялары(тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу, тосмо жана тамчылатып сугаруу суу
резервуарларын куруу) жана күнөскана чарбасы - Айыл чарба техникасынын лизинги
 
Жеңилдетилген кредитти жеке жактар жана ишкердик субъекттер (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер) ала алышат. Насыянын суммасы:
- Мал чарбачылыкты жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктү колдоо максатында 3 жылдык мөөнөткө:
- 300 000 сомго чейин –күрөөсүз;
 - 1 000 000 сомго чейин –күрөөнү камсыз кылуу менен.
 
- 3 жылдык мөөнөткө сууну үнөмдөөчү сугат технологиялары жана күнөскана чарбасы:
- 1 000 000 сомго чейин күрөөлүк негизде кошо алганда.
 
- Баштапкы 20% төлөм менен 7 жылдык мөөнөткө айыл чарбатехникасынын лизинги :
- 50 000 000сомго чейин, күрөөлүк камсыздоо - лизингдин
предмети. 
Толук маалымат алуу үчүн Элдик Банктын филиалдарына кайрылыңыздар. 
КР Улуттук банк Башкармасынын №033-лицензиясы
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














