super.kg logo

Ошто сойкулук жасоого көмөктөшкөн 33 жаштагы жаран 1 айга камалды

 
Ош шаарында сойкулук жасоого көмөктөшкөндүгү үчүн 33 жаштагы эркек киши кармалды. Бул туурасында шаардык милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, Кара-Суу районунун Мамажан айылынын 1992-жылы туулган М.Р. аттуу тургуну 18-25 жаштагы төрт кызга батир ижарага алып берип, сойкулук уюштуруп, социалдык түйүндөр аркылуу табылган кардарларга жеткирип турган. Мыйзамсыз ишмердүүлүгү үчүн ал материалдык пайда көрүп жүргөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 1-бөлүмүнө (Кылмышка кошо катышуу) жана 160-беренесинин 1-бөлүмүнө (Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо) ылайык кылмыш иши козголду.
Милиция М.Р аттуу жаран шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилгендигин айтып, Ош шаарынын соту тарабынан 1 айга абакта кармоого чечим чыгарылгандыгын кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: